Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Санпа окуясы боюнча соттук кароо 14-январда уланат


Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанындагы массалык баш-аламандык, киши өлтүрүү окуясы боюнча эки тараптын апелляциялык арыздарын кароо жума күнү Ноокен райондук сотунун имаратында улана турган болду. Бүгүнкү соттук жараянда жабырлануучулардын алты өкүлү 1,5 млрд. сомдук моралдык-материалдык чыгымын соттолуучулардын эсебинен өндүрүп берүүнү суранышты. Ал эми соттолуучу, мурдагы башкарма Усманжан Аблязов сотто жабырлануучулар менен соттолуучулар үчүн бирдей шарт түзүлбөсө, көрсөтмө берүүдөн баш тартарын сотко эскертти. Ал сот жараяны жабырлануучулардын кысымы алдында өтүп жатат деп эсептейт.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Санпа пахта иштетүүчү заводдун жанында 500 чамалуу киши чогулуп, жолдон өткөн автоунааларга ок атып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Он чакты автоунаалар өрттөлгөн. Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту карап, айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн угузган. Соттолуучулар жана алардын адвокаттары өкүм өтө эле катаал болуп калды деп, ал эми жабырлануучу тарап тескерисинче өкүм жумшак болуп калды деп облустук сотко апелляциялык арыз жолдошкон. Жалал-Абат облустук сотунун соттук коллегиясы эки тараптын тең арызын кароону бүгүн баштады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG