Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Санжар Бакиевдин аппеляциялык арызы каралат


Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Санжар Бакиев баштаган айыпталуучулардын арызын Чүй облустук сотунун коллегиясы Бишкек шаарындагы аскер сотунун имаратында териштирет. Жалал-Абад облустук сотуна берилген бул арызды аталган сот иштин көптүгүнө байланыштуу Чүй облустук сотуна өткөрүп берген. Чүй облустук соту апелляциялык арызды 3-январда карап баштап, күбөлөр толук келбегени үчүн 11-январга жылдырган. Жактоочулар “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонушкан” деген айыптын негизинде Бектур Асанов баштаган Жалал-Абад облусунун бийлик өкүлдөрүн сотко алып келүүнү суранышкан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой келет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG