Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин үстүнөн соттук териштирүү уланат


Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин аталган адамдардын соту Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 3-январда өтүп, күбөлөрдүн толук келбегенине байланыштуу 11-январга жылдырылган эле.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевге 2010-жылдын 13-14-майында Ошто, Жалал-Абадда "бийликти күч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айып тагылууда. Кылмыш ишинин козголушуна Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү негиз берген. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпаттап келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG