“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, бул үч кишиге Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 28-октябрда 12-июнь күнү адам өлтүргөн, массалык баш аламандыкка катышкан, улут аралык кастыкты козуткан жана өлүү денени мазактаган деген айыптар коюлуп, өкүм чыгарылган. Алардын бири 13 жылга, экинчиси 8 жылга эркинен ажыратылган. Үчүнчү айыпталуучу 3 жылга шарттуу түрдө кесилген.
Алар коюлган айыптарды четке кагууда. Жалал-Абал облустук сотунун коллегиясы алардын апелляциялык арыздарын 14-декабрдан баштап карай баштаган. (AzK)
Алар коюлган айыптарды четке кагууда. Жалал-Абал облустук сотунун коллегиясы алардын апелляциялык арыздарын 14-декабрдан баштап карай баштаган. (AzK)