Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Жалал-Абад: июнь окуясы боюнча айыпталгандардын соту жылдырылды


“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче бүгүнкү сот ишинде апелляциялык арыз берген 3 айыпталуучунун экөө акыркы сөздөрүн сүйлөп, соттон өздөрүн актап, кечирим берүүнү өтүнүштү. Үчүнчү айыпталуучуну Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы 20-январда угат. Бүгүнкү отурумда айыпталуучулардын жактоочулары алардын 12-июнда болгон окуяларга тиешеси жоктугун айтып чыгышты. Мамлекеттик айыптоочу кылмыш иши толук аныкталбагандыгын белгилеп, ишти кайра соттук кароодон өткөрүүнү сунуштады. Ал айыпталуучулардын окуяга тиешеси бар экендигин белгиледи.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 28-октябрда 12-июнь күнү адам өлтүргөн, массалык баш аламандыкка катышкан, улуттук кастыкты козуткан жана өлүү денени мазактаган деген айыптар менен бул үч кишинин бири 13 жылга, экинчиси 8 жылга эркинен ажыратылган. Үчүнчү айыпталуучу 3 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Алардын апелляциялык арыздарын Жалал-Абал облустук сотунун коллегиясы 14-декабрдан баштап карай баштаган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG