Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Орусия менен АКШнын өзөктүк кызматташтык боюнча келишими күчүнө кирүүдө


Күчкө кириши узактан бери күтүлгөн келишим АКШ менен Орусияга өзөктүк энергия жаатындагы технологияларды алмашууга, бул багытта биргелешкен ишканаларды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле өзөктүк куралдарды жайылтпоо жаатында эки тарап мурдагыдан тыгыз иштешет. Келишимге 2008-жылдын май айында эле коюлган. Бирок ошол жылдын августунда орус - грузин согушунан улам АКШ менен Орусиянын мамилеси начарлаганына байланыштуу ал кездеги президент Жорж Буш келишимди кийинкиге калтырып койгон. Азыркы президент Барак Обама аны Орусия менен мамилени кайра жандандыруу саясатынын алкагында алып чыгып, документ өткөн аптада Конгресстин кароосунан өттү. Эми ал эки тарап бүгүн дипломатиялык ноталарды алмашкан соң күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG