Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Кыргызстандын экономикасы өткөн жылы 1,4 пайызга эле төмөндөдү


Бул тууралуу Улуттук статкомитет билдирди. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка караганда, Кыргызстандын Улуттук дүң өндүрүшү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мурдагы жылга салыштырмалуу 1,4 пайызга төмөндөп, анын акчалай көлөмү 212, 2 миллиард сом же 4,5 миллиард доллардын тегерегинде болгон.

Тармактар боюнча алганда эң ири 22,8 пайыздык төмөндөө курулушта орун алган. Айыл чарбасындагы дүң өндүрүш 2,8%га азайса, өндүрүш тескерисинче 10,1 пайызга өскөн. Ал эми бир жыл ичиндеги инфляциянын деңгээлин Улуттук статкомитет 19,2% деп белгилеген.

Бирок көз карандысыз экономисттер Улуттук статкомитеттин эсебине анчалык ишене беришпейт. Былтыр октябрда Эл аралык валюта кору кыргыз экономикасы 2010-жылды 3,5 пайыздык төмөндөө менен аяктайт деп болжолдогон эле.

Бишкектеги Борбор Азия Эркин базар институту жаңы жылды утурлай өлкөдөгү негизги компаниялар арасында өткөргөн сурамжылоонун катышуучулары 2010-жылы Кыргызстанда ишкер активдүүлүк, калктын сатып алуу жөндөмү, экономикага карата ишенимдин деңгээли төмөндөгөнүн белгилешкен. (UE)

XS
SM
MD
LG