Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, милиция 19-декабрдагы “башалмандыктарга активдүү катышкан 120 адамды аныктаган”. Министрликтин интернет сайтындагы маалыматта белгиленгендей, айып коюлган 31 адамдын катышканы тасма аркылуу далилденди.
Минск шаарында 19-декабрдагы демонстрация президент Александр Лукашенконун талаштуу шайлоодо кайра шайлануусуна нааразылык катары өткөн. Он миңдеген адам катышкан демонстрациядан кийин жалпысынан 600дөй киши, анын ичинде оппозиция тарапкерлери, адам укугун коргоочулар, журналисттер камалган.
Андан бери бийликтер жүздөгөн адамдарды абактан чыгарды, бирок оппозициянын таанымал активисттери, журналисттер, президенттикке талапкер болгондордун төртөө түрмөдө кала берүүдө.