Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Биринчи май райондук соту Урмат Барктабасовдун ишин карайт


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун соттук иши уланат. Бүгүнкү териштирүүдө соттолуучулардын көрсөтмө берери күтүлүүдө. Барктабасовго 4-августта “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып коюлуп, ошондон бери Улуттук коопсуздук комитетинин абагында жатат.

У.Барктабасов 2005-жылы президенттикке талапкер болгон. Казакстандын жараны экени айтылып, талапкерлиги алынып салынган соң анын тарапкерлери өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, өкмөт үйүнө чейин кирип барышкан. Ошондон бери ал “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” делип айыпталып, издөөдө жүргөн. 2010-жылы бийлик алмашкан соң ал Кыргызстанга келип, мурда козголгон кылмыш иштери боюнча сотко келбей, Балыкчы шаарында жүргөн. 4-августта анын тарапкерлери Бишкекте ири митинг өткөрүп, өзү жүздөгөн тарапкерлерин ээрчитип Балыкчыдан авто кербен менен келаткан жолдо, Бишкектин кире беришинде кармалган. Бишкекке келаткан жолдо ал бийлик адамдары менен жолугушуп, премьер-министрлик кызматты талап кылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG