Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Диндер аралык кеңеш түзүү демилгеси чыгууда


Бул демилгени дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия көтөрүүдө. Аталган комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахмановдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай кеңеш Кыргызстандагы диний агымдардын санын жана ишмердигин аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Бүгүн Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында “Ар түрдүү диний тутумдар –жалпы баалуулуктар, чогуу иш-аракеттер” деген аталышта өткөрүлгөн жыйында комиссиянын демилгеси талкууга коюлду. Жыйында ошондой эле Кыргызстанда диний багыттагы көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган маселелер, дин эркиндиги, мектептерде жана окуу жайларда диний билим берүү маселелери тууралуу сөз болду. Жыйынга мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, муфтият, теологдор, Орусиядан, Европа өлкөлөрүнөн чакырылган дин ишмерлери жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда отуздан ашуун диний агымдар расмий катталган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, мындай агымдардын саны 200дөн ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG