Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Тунисте коменданттык саат киргизилди


Тунистин байтак шаары Тунисте шаршемби күнкү кагылышуулардан кийин коменданттык саат киргизилди. Полиция өкмөт үйүнө чукулдап калган нааразы элди газ атып кууду. Тунистин түштүгүндөгү Дуз шаарында полиция демонстранттарга ок ачып, төрт киши набыт болгону кабарланды. Тала шаарында полициянын огунан дагы бир демонстрант каза тапты. Ырасмий бийликтер бүгүнгө чейин толкудоолордо 23 киши набыт болгонун билдирди. Бирок кесиптик кошуундар менен күбөлөрдүн ырасташынча, 50 кишинин каны төгүлгөн.

Жумушсуздукка, жемсөөлүккө нааразы болгон элдин толкуусу президент Зин ал-Абидин бен Алинин 23 жылдык бийлигине чоң коркунуч жаратууда. 12-январда ал-Абидин топлоңдорго байланыштуу ички иштер министрин кызматтан кетирген.

XS
SM
MD
LG