Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Курманбек Бакиев Беларуста аскер заводун жетектебейт


Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Беларуста аскер заводуна жетекчиликке дайындалды деген маалыматтар суу кечпейт деп билдирди Бакиевди коргоо комитетинин атын атагысы келбеген мүчөсү “Азаттыкка”. Анын айтуусунда, Курманбек Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Минск шаарында жашап жатат, эч кандай иш менен алек болгон жери жок. “Азаттыктын” маектеши ошондой эле айрым маалымат каражаттарына “Максим Бакиев менен Курманбек Бакиевдин мамилеси жок” деп жазылган маалыматтарды да четке какты.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Беларус президенти Александр Лукашенко аскер заводуна жетекчи кылып дайындаганын жазып чыгышкан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG