Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Нарында нааразылык акциясы башталууда


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча, ушул тапта облустук акимчиликтин алдына “Люстрация" кыймылынын мүчөлөрү чогулушууда. Алар колдоруна “Кум-Төр алтын кени элге кайтарылсын”, Люстрация мыйзамы –бүгүнкү күндүн талабы” деген жазуулар бар чакырыктарды кармап турушат. Азырынча көпчүлүк чогула электигин белгилешкен уюштуруучулар жер-жерлерден келе турган өкүлдөрдү күтүп жатышканын айтышууда. Кырдаалга облустук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери көзөмөл кылышууда. Чогулган элдин айрымдары азык-түлүк бааларынын кымбаттыгына, электр кубаты үчүн жеңилдиктер калыбына келтирилбегенине жана жаңы жылдык эс алууда парламент өкүлдөрү эл менен жолугушууга келбегенине да нааразылыктарын билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG