Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

223 доллардан алынган газ элге 307 доллардан сатылып жатат


Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев парламентте билдирди. Анын айтуусунда, Өзбекстандан миң кубометри 223 доллардан сатылып алынган газдын баасына Казакстан аркылуу алып өтүүдө 15 доллар кошулат. Мындан тышкары Казакстандагы жана Кыргызстандагы газ түтүктөрүнө көзөмөл кылган кыргыз-казак ишканасы бар, ага 5 доллар төлөнөт. Натыйжада кыргызстандык керектөөчүлөргө жеткиче көгүлтүр оттун баасы 84 долларга кымбаттайт. Т. Кулмурзаевдин айтуусунда, газ түтүктөрү үчүн 5 доллар акы алып жаткан кыргыз-казак биргелешкен ишканасы менен келишим 2010-жылы аяктады, кийинки жылга узартылган жок.
Кыргызстан Өзбекстандан быйылкы жыл үчүн 200 млн. кубметр газдын миң кубметрин 223 доллардан сатып алууга макулдашкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG