Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Акыйкатчы Улуттук комиссиянын бүтүмү менен макул эмес


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн "Кабар" агенттигинде болгон маалымат жыйынында билдирди. Ал июнь коогалаңын иликтеген комиссиянын корутундусунда айтылган “коогалаңга Бакиевдердин катышы бар, үчүнчү күчтөрдүн тиешеси бар” деген маалыматтар чындыкка коошпойт, ал эми убактылуу өкмөт мүчөлөрү Исмаил Исаковдун, Азимбек Бекназаровдун, Болот Шердин жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин июнь коогалаңы боюнча айыпталышы туура эмес деп эсептейт. Турсунбек Акун июнь окуясынын келип чыгышына эки улуттун ортосундагы социалдык-экономикалык айырмачылыктар негиз бергенин, ошол эле учурда айрым өзбек лидерлери түштүктү өзүнчө автономия кылып бөлүп алууга аракеттенип, элди бөлүп-жарганы башкы себеп болгон деген пикирде. Анын айтуусунда, июнь окуясына чейин эле Өзбекстандан шектүү адамдар келип, түштүктөгү өзбектер жыш жашаган айыл-кыштактарда түрдүү үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар иликтөө учурунда ачыкталган. Акыйкатчы мына ушундай шектүү маалыматтарды билип туруп, чара көрбөгөн убактылуу өкмөт күнөөлүү деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG