Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Балыкчыда Кумтөргө байланыштуу митинг өттү


«Кумтөр» ишканасы өндүргөн алтындын 68% элге берилиши керек деген баштапкы келишимге кайтып келүү талабы менен бүгүн 200 чамалуу киши ишкананын Балыкчыдагы базасына митингге чыгышты. Алар ошондой эле Балыкчыдан ишканага кеткен жолду жабабыз деп билдиришти. Митингдин уюштуруучуларынын бири, “Люстрация” кыймылынын Кумтөр боюнча координатору Жекшен Шамыралиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, митингге бүгүн Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары чыгышты. Ошондой эле митингдин катышуучулары кыргыз өкмөтүн Андаш, Талды-Булак жана башка алтын кендерин пайдаланып, иштетүүдө Кумтөр ишканасынын катасын кайталабоого чакырышууда.

Митингге чыккандар менен “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын президенти Роберт Вандер менен вице-президент Андрей Сазанов сүйлөштү. Жекшен Шамыралиевдин айтуусунда алар митингчилер менен бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүүнү өтүнүшкөн. Ал эми жергиликтүү милиция митингге уруксат берилбегенин айтып, эскертүү берген. Митингчилер талаптары аткарылмайынча Кумтөр алтын кенине кеткен жолду ачпай турганын айтышууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG