Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Депутат министрге тезек терип калбоону эскертти


“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков парламентте жарыш сөз сүйлөп жатып, энергетика министрин Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуулук менен пайдаланууга чакырды. Ал быйылкы жыл кургакчыл жыл болору тууралуу маалыматтар бардыгын белгилеп, башка мамлекеттердин сугатына сууну берип жиберип, келерки кышка тезек терип даярдануу маселеси чыгып жүрбөсүн деген тынчсыздануусун билдирди.

Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күнү 17 млрд. 804 млн. куб метр суу бар. 2007-2008-жылдары суу сактагычтагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик калкка электр энергиясын берүүнү суткасына 6-14 саатка чейин чектеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG