Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Урмат Барктабасовдун соту 19-январда уланат


Бүгүнкү соттук жараянда “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов көрсөтмө берип, Бишкекке курултайга келе жаткан жеринен аны милиция кызматкерлери кармаганын билдирди. Ал 5-августта Бишкекте курултай өткөрүү демилгеси “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдарынын сунушу менен көтөрүлүп, ошол курултайда сөз сүйлөөгө чакырылганын айтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” маалымдаган анын адвокаты Жаманкул Жунусов сотто Урмат Барктабасов куралдарга тиешеси жоктугун да айтканын кошумчалады.

Бүгүнкү соттук жараянда 5-август күнү “бийликти басып алууга аракет кылган", "массалык башаламандык кылууга аракеттенген", "мыйзамсыз курал алып жүргөн" деп айыпталып кармалган 5 киши көрсөтмө беришти. Кийинки соттук териштирүүдө айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов “бийликти басып алууга аракет кылган", "массалык башаламандык кылууга аракеттенген", "мыйзамсыз курал алып жүргөн", "милиция кызматкерлерин токмоктогон" деген айыптар менен 5-августта кармалып, Коопсуздук кызматынын абагына камалган. Ал өзүнө тагылган айыптар менен макул эместигин билдирип келет. Урмат Барктабасовдун иши Биринчи май райондук сотунда каралууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG