Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

АКШнын вице-президенти Иракта жүрөт


Иракка күтүүсүз иш сапары менен келген Жо Байден Багдадда президент Жалал Талабани, премьер-министр Нури ал-Малики менен кездешип, Кошмо Штаттар эң башкысы Ирактын эркин жана демократиялык өлкө болушун көздөөрүн айтты. Бул - америкалык жогорку даражалуу өкүлдүн Иракта өткөн айда жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийинки алгачкы сапары.

Азыр Иракта турган америкалык аскерлердин баары өлкөдөн ушул жылдын соңуна карата чыгып кетүүгө камданууда. Расмий өкүлдөрүн айтымында, Багдаддагы сүйлөшүүлөрдө аскерлердин кээ бир бөлүгүн 2011-жылдын 31-декабрь айынан кийин да калтыруу же калтырбоо башкы маселе болот деп күтүлгөн. АКШнын вице-президенти Иракка Ооганстан менен Пакистандагы сапарынан кийин барды.

XS
SM
MD
LG