Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Казакстан: ЕККУ баш катчысына активисттер кайрылды


ЕККУ баш катчысын Казакстандын мамлекеттик сыйлыгын кайтарып берүүгө чакырып жатышат. Бүгүн ушундай чакырык жолдогон казак активисттеринин пикиринде, ЕККУнун баш катчысы Марк Перин де Бришамбао, эгер президент Нурсултан Назарбаев өз бийлигин референдум менен узартууга макул болсо, алган сыйлыгын кайтарып берүүсү керек. Казак лидери Бришамбаону Достук ордени менен ЕККУнун өткөн айда Астанада болгон саммити учурунда сыйлаган.

Казак активисттери ЕККУ баш катчысы Нурсултан Назарбаевди “демократия принциптерин сыйлап, референдумдан баш тартууга” үндөөсү керек деп эсептешет. Казак президентинин бийлигин 2020-жылга чейин референдум менен узартууну көздөгөн демилгелүү топ кечээ 5 миллиондон ашуун адамдын колун жыйнаганын жарыялаган. Бул Казакстандын каттоодон өткөн 9 миллион шайлоочусунун жарымынан көбү.

Борбордук шайлоо комиссиясы болгон бүгүн аларга тапшырылган колдордун 5 миллион 16 миңи жактырылып, 194 миңи жараксыз деп табылганын билдирди. Референдум сунушун сындап чыккандар БШК ушунча адамдын колун эки эле күндө текшерүүгө үлгүргөнүнө таң калышууда. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, референдум боюнча өлкөдөгү шайлоочулардын жарымынан көбү жактаган сунуш парламенттин кароосуна жиберилүүсү керек.

Назарбаевдин өзү өткөн аптада референдум идеясын четке каккан. Бирок казак парламентинин кош палатасы маселени эртең талкуулаган жатат жана парламент президенттин каршылыгын кабыл албай коюушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG