Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Орусия: Ирандын сунушу испекцияны алмаштыра албайт


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 13-январдагы билдирүүсүнө караганда, Ирандын өзөктүк жайларына саякат жасоо жөнүндөгү жакындагы сунушу карап көрүүгө татыктуу, бирок ал инспекцияны же анын талаштуу өзөктүк программасы сүйлөшүүлөрдү алмаштыра албайт.

Иран Орусия, Кытай жана Евробиримдикте азыр төрагалык кылып жаткан Венгрияны ушул айда анын өзөктүк жайларына саякат жасоого чакырган эле.

Ал эми Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө тартылган ири державалар: АКШ, Британия, Франция, Германия мындай чакырык алган эмес. Евробиримдик саякатка барбай турганын буга чейин эле ишара кылган. Кытай да бүгүн сунушту кабыл алышы арсар экендигин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG