Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Балыкчыдагы митинг бүгүн да уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” митингдин уюштуруучуларынын бири, “Люстрация” кыймылынын "Кумтөр" боюнча координатору Жекшен Шамыралиев билдирди. Митингчилер бүгүн да Балыкчыдан ишканага кеткен жолду жаап, “Кумтөргө” жүк ташыган унааларды өткөрбөөнү көздөөдө. Алар "Кумтөр" ишканасы өндүргөн алтындын 68% элге берилиши керек деген баштапкы келишимге кайтып келүү талабын коюп жатышат.

13-январда Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун 200 чамалуу тургуну “Кумтөр” ишканасынын Балыкчыдагы базасына митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары кыргыз өкмөтүн Андаш, Талды-Булак жана башка алтын кендерин пайдаланып, иштетүүдө "Кумтөр" ишканасынын катасын кайталабоого чакырышкан. Митингге чыккандар менен “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын президенти Роберт Вандер жана вице-президент Андрей Сазанов сүйлөшкөнү маалымдалган. Жекшен Шамыралиевдин айтымында, алар митингчилер менен бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүүнү өтүнүшкөн. Ал эми жергиликтүү милиция митингге уруксат берилбегенин айтып, эскертүү берген. Митингчилер талаптары аткарылмайынча "Кумтөр" алтын кенине кеткен жолду ачпай турганын айтышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG