Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Бүгүн "Санпадагы" окуя боюнча соттук териштирүү уланат


"Санпа" пахта иштетүүчү заводунун жанындагы массалык башаламандык, киши өлтүрүү окуясы боюнча эки тараптын апелляциялык арыздарын кароо Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясы тарабынан Ноокен райондук сотунун имаратында улана турган болду. Бүгүн соттолуучулар көрсөтмө беришмекчи. Бул туурасында “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Ырыспай Абдыраимов билдирди. 10-январда өткөн соттук жараянда жабырлануучулардын алты өкүлү 1,5 млрд. сомдук моралдык-материалдык чыгымын соттолуучулардын эсебинен өндүрүп берүүнү суранышкан. Ал эми соттолуучу, мурдагы башкарма Усманжан Аблязов сотто жабырлануучулар менен соттолуучулар үчүн бирдей шарт түзүлбөсө, көрсөтмө берүүдөн баш тартаарын сотто билдирген. Ал сот жараяны жабырлануучулардын кысымы алдында өтүп жатат деп эсептейт.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы "Санпа" пахта иштетүүчү заводдун жанында жоон топ эл чогулуп, жолдон өткөн унааларга ок атып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Он чакты унаалар өрттөлгөн. Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту карап, айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн угузган. Соттолуучулар жана алардын адвокаттары өкүм өтө эле катаал болуп калды деп, ал эми жабырлануучу тарап, тескерисинче, өкүм жеңил болгонун ырастап, облустук сотко апелляциялык арыз жолдошкон. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG