Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Шамалды-Сай ГЭСинин күзөтчүлөр башчысынын денеси табылды


Кечээ түш оой Нарын дайрасында Шамалды-Сай ГЭСинин дайынсыз жоголгон күзөт кызматынын жетекчиси, 31 жаштагы Алмазбек Жанаевдин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары суудан алып чыккан денеде күч колдонуунун белгилери байкалган эмес.

Аталган ГЭСтин күзөт кызматынын башчысы Алмазбек Жанаев былтыр 1-декабрдан 2-декабрга караган түнү кызмат ордунда белгисиз жоголгон. Ушул тапта милиция кызматкерлери тергөө-иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG