Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Ош базарынын тегерегинде соода кылгандар парламент алдына келишти


Ушул тапта Жогорку Кеңештин алдына Бишкек шаарындагы Ош базарынын тегерегинде соода кылган 200 чамалуу адам келип, алардын соода орундарына тийбөөнү талап кылышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселе боюнча атайын чечим кабыл алып, тиешелүү комитет мүчөлөрү жана айрым депутаттар нааразы болгондор менен жолугууга тышка чыгышты. Айрым депутаттар, азыр кыш чилдеси болгондуктан Ош базарында соода кылгандардын орундарына тийбей туруу, маселени терең иликтөө керектигин айтышууда. Бир канча күндөн бери Бишкек шаар мэриясынын Ош базарын иретке келтирүү планына нааразы болгондор шаар мэри Иса Өмүркуловду күнөөлөшүүдө. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG