Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Юстиция министри Жогорку Соттогу кызматынан бошотулду


Жогорку Кеңеште Юстиция министри Абылай Мухамеджановду башка кызматка өткөнүнө байланыштуу Жогорку Соттун судьялыгынан бошотуу маселеси каралды. “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев баштаган бир катар депутаттар Убактылуу өкмөт Жогорку Соттун 10 судьясын учурунда туура эмес бошоткон деп, буга саясий баа берүүнү сунушташты. Акыры жыйынга министр М.Мухамеджанов чакырылып, ал эс алууда жүргөндө Жогорку Соттогу кызматынан бошоп калгандыгын укканын, кызматтан бошотууда мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер сакталбаганын, бирок учурда жаңы кызмат ордунда отургандыктан депутаттардан мурдагы кызматынан бошотуп берүүлөрүн суранды. Депутаттар 104 добуш менен А.Мухамеджановду Жогорку Соттун судьялыгы кызматынан бошотушту. (IJz)

XS
SM
MD
LG