Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59
Президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев, андан соң парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков бүгүн Европа Биримдигинин Борбор Азия мамлекеттериндеги атайын өкүлү Пьер Морел менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин жана парламенттин маалымат кызматтары билдиришти.

П.Морел өз сөзүндө Кыргызстандын жетекчилиги демократияны өнүктүрүү жаатында чоң кадамдарды жасаганын айтып, Европа Биримдиги бул жааттагы жетишкендиктерди колдоорун билдирди. Э.Каптагаев Европа Биримдигинен делегация келүүсүнө чоң маани берерин, Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдирди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG