Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Аба ырайы


15-январга карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда айрым жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14 даража суук, күндүз -3…+2 даража болот, Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2 даража, Баткенде түнкүсүн -4…-9 даража, күндүз -2…+3 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9 даража, күндүз -2…+3 даража, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 даража болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -25... -30, күндүз -12... -17 даража.

Бишкек шаарында 15-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13 даража, күндүз -2…0 даража болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG