Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Тунисте улуттук биримдик өкмөтү түзүлүшү мүмкүн


Дээрлик бир айдан бери массалык башаламандыктар уланып жаткан Тунисте курамына оппозиция да кирген “улуттук биримдик өкмөтү” түзүлүшү мүмкүн, деди бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Камел Моржане. Ал арада бүгүн баш калаада оппозициянын миңдеген колдоочуларынын демонстрациясы өтүп жатат. Алар президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Тунисти 23 жылдан ашуун мезгилден бери башкарып келаткан президент Зине эл-Абидин Бен Али кечээги билдирүүсүндө 2014-жылы президенттик мөөнөтү аяктай турганын айтып, “ошондо сөзсүз бийликтен кетем” деп касам ичти. Андан сырткары, президент демонстранттарга каршы полиция күч колдонбой турганын айтып, өлкөдө негизги тамак-аш азыктарына баа төмөндөтүлө турганын кабарлады. Адам укугун коргоочу активисттер бул өлкөдөгү соңку башаламандыктарда 60 ашуун адам өлгөнүн айтышууда. Элдер жумушсуздукка жана кымбатчылыкка нааразы болуп көчөгө чыгышкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG