Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Казакстан: Парламент бата берди


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстанда парламент Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартууну жактырды. Ал идеяны көтөргөн демилгелүү топ ушул аптанын башында жарандардан 5 млн.дон ашуун кол топтогонун билдирген.

Казакстандын парламентинин эки палатасы жума күнкү биргелешкен жыйынында референдум өткөрүү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек деп чечти. Аны Мажилистин спикери Орал Мухамеджанов жарыялады.

"Урматтуу кесиптештер, - деди спикер, - биз бүгүн чындап тарыхый мыйзам кабыл алдык. Ал азыркы президентибиздин иш мөөнөтүн узартуу үчүн республикалык референдум өткөргөнгө накта конституциялык негиз болуп берет. Референдум өтүш керек деген 5 млн.дон ашуун жараныбыздын суранычы ишке ашырылат. Ошол өтүнүчтү орундаткан баарыңыздарга чоң рахмат".

Парламент референдум жөнүндө эле эмес, Назарбаевди “эл башы” деп атоо үчүн да чечимди колдоду.

Эми “Назарбаев 2020-жылга чейин президент болуп кала беришин колдойсузбу?” деген суроо жалпы элге берилет да, референдумда эл буга макул десе, ансыз да 20 жылдан ашуун мезгилден бери Казакстанды башкарып келген Нурсултан Назарбаев эч кандай шайлоосу жок эле өлкө башчысы болуп калат. Айтмакчы, бул өлкөдө президенттик шайлоо келерки жылы өтмөк.

Дегинкиси, Нурсултан Назарбаевдин бийлигин референдум менен узартуу демилгеси алгачкы жолу көтөрүлүп жаткан жок. Буга чейин 1995-жылы да “казакбашынын” бийлиги 2000-жылга чейин узартылган эле.

Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга узартуу маселесин референдумга коюу демилгесин көтөргөндөр ушул аптанын шейшембисинде бул үчүн 5 млн.дон ашуун кол топтогонун жарыялап, аларды текшерип чыгыш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышкан. Шайлоо комиссиясы бүгүнкү билдирүүсүндө колдорду туура деп тапты да, жалпы шайлоочулардын 55% айтып жаткандыктан муну “элдин демилгеси” деп атаганга болот деди.

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга референдум аркылуу узартуу демилгеси акыркы ирет бир ай мурда көтөрүлгөн. Аны Америка Кошмо Штаттарынын Астанадагы кызматтан кетип жаткан элчиси сындап, “демократиядан артка кетүү” катары сыпаттаган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG