Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Тунисте жаңы президент ант берди


Өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Фуад Меббазаа Тунистин Конституциялык сотунун бүгүнкү (15-январдагы) жарыясынан кийин утурумдук президент катары ант берди жана премьер-министрден жаңы өкмөт курууну суранды. Конституциялык сот мамлекет башчысынын ыйгарым укугун премьер-министр эмес, парламент төрагасы алып, жаңы шайлоо алтымыш күндүн ичинде өтүүсү керектигин билдирген.

Кечээ президент Зин ал-Абидин Бен Али өлкөдөн кеткенден кийин бийликти премьер-министр Мохаммад Ганнуши колго алганын жарыялаган. Мамлекет башчылыгында 23 жыл турган, жетимиш төрт жаштагы Бен Али мекенинен коррупцияга, жумушсуздукка, кымбатчылыкка байланыштуу нааразылык жыйындарынан жана бир аптага созулган тополоңдордон кийин Сауд Арабстанга качууга аргасыз болду. Анын артынан өткөн түнү борбор шаар Тунисте тополоңдор жана талап-тоноолор орун алды.

Учурда борбордун көчөлөрүн аскерлер көзөмөлдөөдө. Деңиз жээгиндеги Монастир шаарында бир түрмө өрттөлгөндө, полициянын маалыматтары боюнча, 42 адам каза тапкан. Абактагылардын көбү качып кетүүгө үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG