Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Тунис: убактылуу президент Фуад Мебазаа ант кармап, ишке киришти


Солдо премьер-министр Мохаммад Ганнуши, оңдо утурумдук президенттикке келген Фуад Мебазаа. 14.01.2011. AFP PHOTO / TAP.
Солдо премьер-министр Мохаммад Ганнуши, оңдо утурумдук президенттикке келген Фуад Мебазаа. 14.01.2011. AFP PHOTO / TAP.

Кулатылган президенти башка өлкөгө качууга аргасыз болгон Тунисте бийлик 24 саат ичи эки ирет алмашып, мамлекет башчысынын ыйгарым укугу эми убактысынча парламент төрагасы Фуад Мебазаага өттү.

Өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Фуад Мебазаа (Fouad Mbazaa) Тунистин Конституциялык сотунун 15-январдагы жарыясынан кийин утурумдук президент катары ант берди жана премьер-министрден оппозиция да катышкан улуттук биримдик өкмөтүн курууну суранды.

Мунун алдында Конституциялык сот мамлекет башчысынын ыйгарым укугун премьер-министр эмес, парламент төрагасы алып, жаңы шайлоо алтымыш күндүн ичинде өтүүсү керектигин билдирген.

Утурумдук президент Фуад Мебазаа ант берүү учурунда Тунистеги “саясий жараянга жарандардын эч кимиси калбай тартылуусу” керектигин белгиледи.

14-январда президент Зин ал-Абидин Бен Али (Zine El Abidine Ben Ali) өлкөдөн чыгып кеткенден кийин бийликти премьер-министр Мохаммад Ганнуши (Mohammed Ghannouchi) убактылуу колго алганын жарыялаган эле.

Мамлекет башчылыгында 23 жыл турган, жетимиш төрт жаштагы Бен Али коррупцияга, жумушсуздукка, кымбатчылыкка байланыштуу нааразылык жыйындарынан жана бир аптага созулган тополоңдордон кийин мекенинен Сауд Арабстанга качууга аргасыз болду.

Ал бозгундукка качаар замат ишембиге караган түнү борбор шаар Тунисте тополоңдор жана талап-тоноолор орун алды, башкы темир жол бекети өрттөлдү.

Учурда борбордун көчөлөрүн аскерлер көзөмөлдөөдө.

Деңиз жээгиндеги Монастир шаарында бир түрмө өрттөлгөндө, полициянын маалыматтары боюнча, 42 адам каза тапкан. Эки түрмөдөн абактагылар массалык түрдө качып кетүүгө үлгүргөн.

Тунистин калкынын көпчүлүгү өлкөнүн эгемендик тарыхындагы экинчи президенти болгон Бен Алини өлкөдө коррупцияны чайлап-коолатып, жакырчылыкка, жумушсуздукка, саясий куугунтукка жол ачканы үчүн айыпташат.

Ал үзөңгүдөн буту таярынан бир күн алдында эле 2014-жылы бийликтеги алтынчы мөөнөтү аяктаганда кызматтан чегине турганын жана атуулдардын эркиндиктерин кеңейтээрин убада кылган болчу:

- Мен силердин баарыңарды: баатырларды, жакырларды, саясатчыларды түшүнөм. Силер көбүрөөк эркиндикке муктаж экениңерди түшүнөм. Бирок өлкөбүздө биз азыр күбө болуп жаткан окуялар кабыл алынгыс. Талкалоо жана кыянатчылыктар тунис калкынын салтындагы иш эмес.

Президенттин убадасына карабай, эл жума күнү (14-январда) анын кызматтан кетишин талап кылды.

Премьер-министр Мохаммад Ганнуши жума күнү кулатылган президенттин айрым үй-бүлө мүчөлөрү баштапкы чара катары камакка алынганы жөнүндөгү маалыматтарды ырастады.

Нааразылык иш-аракеттери былтыркы декабрь айынын ортосунда 26 жаштагы жогорку билими бар жумушсуз жигит мөмө-жемиш сатууга уруксат берген лицензиясынан ажыратылганына байланыштуу өзүн-өзү өрттөп жиберүүгө аракеттенгенден кийин башталган.

Аймактардан тутанган нааразылык ушул аптада ордо шаарга жана чет элдик туристтер көп келген курорт жайларга чейин жетти.

Ишемби күнү түрмөдөгү өрттөн 42 киши набыт болгонго чейин эле адам укугун коргоочулар Тунистеги тополоңдордон 60тан ашуун киши каза тапканын билдиришкен. Бул - расмий эсептен үч эсе көп.

Дүйнө лидерлери тунис калкын сабырдуулукка, утурумдук бийликти ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө чакырууда.

АКШ президенти Барак Обама «Тунис элинин эркин» кубаттай турганын билдирди жана өлкөнүн утурумдук бийлигин тез арада жаңы шайлоо өткөрүүгө үндөдү.

Тунис мурда отор аймагы (колониясы) болгон Франциянын президенти Никола Саркози бийликтен кулатылган Бен Алини Францияга киргизбей койду. Саркози Тунистеги кырдаалды талкуулоо үчүн өз министрлерин чукул жыйынга чакырды.

Немис канцлери Ангела Меркел айым Германия да кырдаалга байкоо салып жатканын айтты:

- Тунистеги кырдаал абдан олуттуу жана (саясий) сенектик кырдаалга кириптер болгон кишилерди бир топ кабатыр кылгандай. Биз кырдаалга жакындан байкоо салабыз жана Тунисте калган немис жарандарынын баарын алып чыгабыз.

Ишемби күнү Германия, Британия жана Белгия Тунистеги туристтеринин алгачкы бөлүктөрүн өлкөдөн чыгарып кете баштады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG