Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Быйыл Улуттук биологиялык лабораториянын курулушу башталышы мүмкүн


Бул туурасында Карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун башчысы Жалалидин Гайбулин “Азаттыкка” билдирди. Биологиялык лаборатория Бишкектеги ботаникалык бакчанын жанында жайгашып, курулуш иштерин 2013-жылга чейин бүткөрүү пландалууда. Маалыматка ылайык, бул лаборатория биологиялык террорчулуктан коргонуу жана коопсуздукту сактоо максатын көздөйт. Улуттук биологиялык лабораторияда бактериялык препараттар жасалбайт. Болгону адамдын жана жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалык жана профилактикалык жактан иликтөө жайы болуп саналат. Бул лабораторияда Саламаттыкты сактоо жана айыл-чарба министрлигинин, илимдер академиясынын адистери эмгектенишмекчи.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоор үчүн 60 миллионго жакын Канада доллары бөлүнгөн. Бул демилге көтөрүлө баштаганда бир катар шаар тургундары жана укук коргоочулар биологиялык лабораториянын курулушуна каршы пикирлерин билдирип чыгышкан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG