Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Майлы-Сууда кылмыштуулукка каршы митинг өтүп жатат


Митингге чогулгандар акыркы убакта талап-тоноо, адам өлтүрүүгө байланыштуу кылмыштар көбөйүп, алардын бети ачылбай жатканына нааразычылыктарын билдиришүүдө. Чогулгандар кылмыш дүйнөсү менен айрым укук коргоо органдары биригип кетти деген дооматтарды айтышып, бийликти буга көңүл бурууга чакырышууда. Шаар мэри Тургунбек Ариповдун “Азаттыктын” аймактык кабарчысына билдиргендей, бүгүнкү митингге 500 адам чогулду. Ал эми уюштуруучулар кеминде эле миңге жакын шаар тургуну митингге чыгып жатканын айтышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG