Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Майлы-Суудагы митинг аяктады


Митингге чогулгандар кылмыштуулукка каршы күрөшүү талабы менен өлкө президенти Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңешке жана Ички иштер министрлигине кайрылуу кабыл алышты. Ал кайрылууда Майлы-Суу шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисин, кылмыш иликтөө тобунун башчысын, шаардык прокурорду кызматынан алып, жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Ырысбай Абдыраимов билдиргендей, доомат тагылып жаткан адамдар менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Митингге келген Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров митингчилердин талабын иликтеп көрө тургандыгын билдирди.

Бүгүн Майлы-Суу шаарында кеминде 600-700 адам акыркы убакта талап-тоноо, адам өлтүрүүгө байланыштуу кылмыштар көбөйүп, алардын бети ачылбай жатканына нааразычылыктарын билдирип, митингге чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG