Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Тунисте биримдик өкмөтүн курууга аракет жасалып жатат


Өлкөнүн мыйзамдуу саясий партияларынын башкылары бүгүн улуттук биримдик өкмөтүн куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тополоңдордун соңунан ушул жума күнү өлкөнүн бийликтен кулатылган президенти Бен Али Сауд Аравияга качууга аргасыз болгондон кийин утурумдук мамлекет башчысы катары кечээ парламент спикери Фуад Мебазза ант берди жана премьер- министрден жаңы коалициялык өкмөттү курууну суранды.

Бийликтер кезексиз президенттик шайлоо Конституцияга ылайык 60 күндүн ичинде өтөрүн билдиришүүдө. Жергиликтүү тургундардын бири учурдагы жагдай тууралуу мындай дейт:

-Биз азыр өз үйлөрүбүздү коргоого муктажбыз. Бирок бүгүнкү Тунис биз мурда көрүп жүргөнгө окшош эмес. Мурда биз баарынан коркчубуз. Бири-бирибизге калп айтчыбыз. Азыр баарыбыз чогуу ийиндешип турабыз. Биз коррупцияга “жок” дедик, ага каршылык көргөзүүнү улантабыз.

Өткөн түнкү коменданттык сааттын учурунда атышуулардын үнү угулганы менен бүгүн өлкөдө кырдаал салыштырмалуу тынчырактай. Мурдагы түнү болсо имараттар өрттөлүп, талап –тоноолор, кыянатчылыктар орун алган. Эки түрмөдө тополоң чыгып, айыпкерлердин бир бөлүгү качып кеткен. Алардын бириндеги өрттөн 42 киши каза тапкан.

Бул аралыкта Тунисттин коопсуздук күчтөрү тартип орнотууга аракеттенүү менен президенттин күзөт кызматынын башчысын жана ок атышууларга тиешеси бар деп шектелген ондогон адамдарды камакка алды.

XS
SM
MD
LG