Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Тунисте президенттик ак сарайда атышуу жүрдү


Ройтерс, Ассошиэйтед Пресс агенттиктери Тунис шаарынан 15 чакырым аралыктагы ак сарайдын жанында армия менен кулатылган президент Зине ал-Абидине Бен Алини колдогон президенттик гвардиянын ортосунда куралдуу кагылыш болуп жаткандыгын кабарлашты. Эки кабар агенттиги жергиликтүү тургундарга жана күбөлөргө таянып билдиргендей, президенттик сарайдын айланасында катуу атышуу жүрүп жатат. Кечээ кечинде Тунистин мамлекеттик сыналгысы коопсуздук күчтөрү баш калаада бир нече куралчанды атып өлтүргөндүгүн кабарлаган эле. Өлкөдө кырдаал курч экендиги кабарланып жатат. Бүгүн улуттук биримдик өкмөтү түзүлөөрү болжолдонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG