Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Оштун кайып кыздары: сырдуу "учак" зордугу


Сырдуу учактын жанында пахта терген аял: тоок өлсө да, дароо билинмек
Сырдуу учактын жанында пахта терген аял: тоок өлсө да, дароо билинмек

Зордуктоонун 16 жаштагы курмандыгы арызын кайтарып алууга эмне үчүн аргасыз болду?

«Оштун кайып кыздары» түрмөгүн улантып, июн жаңжалындагы сырдуу кылмыштарыдын бирине, эл оозунда «учактагы (самолеттогу) зордуктоо» атыгып, көпчүлүккө жакшы маалым болгон, бирок тергелбей кала берип жаткан окуяга кайрылабыз.



18-июн, эртең мененки саат 10 чендер. Oш областтык балдар ооруканасына аскерлер өң-далаттан кеткен кызды жөлөп-таяп, алып келишти. Кыз эки күн дегенде өзүнө келди, ал арада өзүн караган доктур андан эмне болгонун сурады. Кыз беш күн барымтада болуп, жанындагы эки кызды барымтачылар ар кыл жолдор менен кордогонун айтып ыйласа, үнү кудайга жетип жатты:

- Алып барып, жыпжылаңач чечиндирип алып расса кыйнашты. Чачтан кармап алып, дубалдан дубалга, темирден темирге урдурушту.

Белгилүү себептерден улам бул кыздын атын биз Каниет деп өзгөрттүк. Каниет Ош өрттөнүп жатканда, кызыл кыргын, куу сүргүндүн мезгилиндеги эвакуациялоо учурунда уурдалган.

Дастан Жолболдиева – Ош областтык балдар ооруканасынын врачы. Каниетти ооруканага алып келишкенде аны биринчи кабыл алып, анын төбө чачты тик тургузган көрсөтмөсүн видеого тартып алган. Ал кызды белгисиз кишилер машинага кандайча салып кеткенин айтып берди:

- 14-июнда Ал-Тилекке, же райондорго алып кетебиз деп, элдин баарын ХБКга жыйышкан. Ал тапта ХБК кооптуу аймак болуп калган. Областык оорукананын жанында нары жагынан Кашкар кыштак, бери жагынан Достук, Жийдарек деген маалелер бар. Мына ошол ХБКнын жанында жаш балдарды, аялдарды көчүрүп жатканда, ал кыздар маршруткага батпай калат. Аларды "кийинки машинага чыгасыңар" деп таштап кетишет. Үч кыз калып калган. Бир машина келип токтойт. Ичинде үч эркек киши болот, кейиптери кыргызга окшош, "кыздар, отургула" десе, алар отуруп алышат. Отургандан кийин караса, өзбек кишилер экен. Аларды алып кетишет.

Невропатолог Дастан Жолболдиева Каниетти биринчи кабыл алып, видеого тартып алган.
Врач-невропатолог Жолболдиевага мен июнь коогасынан дээрлик беш ай өткөндөн кийин, Оштун Ак-Тилек районундагы үйүнө барып жолуктум.

- Ал кызды солдаттар алып келишти. Мен кабыл алдым. Аябай шишип, бети шишип, алдыңкы органдарынан кан агып, буттарында, колдорунда, курсагында, белдерине сигареттин күйүктөрү. Секс кылганда оозун ачпай койсо, сигарет күйгүзүп, оозун ачтырып, жашы жете элек 16 жашар кызды ушундай кыйнашыптыр.

Каниеттин ооруканада жатканда врач Жолболдиева чөнтөк телефонуна тартып алган видеосу бүгүн бүт Кыргызстан боюнча компакт дисктерде таркатылып келет.

- ... талтайтып алып эле, буту-колунан байлап алып эле (зордукташты). "Силер биздин карындаштарыбызды ушундай кылып өлтүргөнсүңөр" деп (айтышты). Эки кызды алмак-салмак чачтарынан кармап алып, өздөрүн сордура беришти, ак ириң чыккандан кийин, аны кыздардын бетине чачып атышты. Расса кыйнагандан кийин, оозуңа албасаң, сигарет басабыз дешти. Оозумду ачпасам, бутума сигарет басышты. Мына, мурдум жарылып кетти.

Дастан Жолболдиеванын айтымында, ооруканада Каниетти ар кыл адистер көрүп, диагноз койгон:

- Закрытая черепно-мозговая травма, множественные ссадины, царапины по всему телу, множественные ожоги после сигарет на конечностях, пояснице, на животе. Гинеколог - кровотечение из влагалища. Кийин ар кыл адистер өздөрүнчө такташты. Психиатр «ситуационный психоз, невроз» деди. Албетте жугуштуу оорулар жугуптур. Кийин тери-венерологдор менен сүйлөштүк. Ал кыз «венерологдорго барбайм» дейт. «Сен турмушка чыгышың керек, азыр дарыланбасаң болбойт, кызым» деп атып, тери-венерологдор менен тааныштырып, жөнөткөнбүз.

Каниеттин сөзү боюнча, аны менен кошо барымтага түшкөн эки кыз кыйноодон көз жумган, өзү эки өлүктүн жанында жатып, эртеси терезени сындырып, качып чыккан:

- Алар өлүп калгандан кийин, менин жаныма жаткырып коюшту. Бир күн ошол өлүктөр менен жаттым. Кийин алар өлүктөрдү алып, 18-июнда алып кеткенден кийин, саат кечкурун төрттөрдө, мен айнекти сындырып качып кеттим. Аэропорттон келген жол менен келдим.

Каниеттин башына түшкөн мүшкүл эл арасында да, тартип коргоочулар арасында да «самолеттогу зордуктоо» катары белгилүү. Себеби ал өзү Ош аэропортунан келаткан жолдогу учакта барымтада кармалганын айткан.

Бирок беш күндүк барымта эпизоду учакта болгону далилденген эмес. Аэропортко бараткан жолдогу, Нариман менен Кашкар-Кыштактын ортосундагы чоң жолдун боюндагы учактын жанынан мени өзүн Турсунбай деп тааныштырган киши каршы алды.

Кара кайыш куртка, кайыш кепка кийген 50 жаштын кырындагы бул киши эки метрдей бетон түркүктө турган, көгүш түскө боелгон учактын ээси болуп чыкты. Жайдары күлүп сүйлөгөн киши учакты 20 жыл мурда аллюминийге алмаштырып, өзү көргөзмөгө деп орнотконун, учактын эшиктери ширетилип бекитилгенин айтып, убагында бул жерде тартип коргоочулар болуп кеткенин билдирди:

- Бул жерде эч нерсе болгон эмес, мен билет болчум. Коңшулардан деле сурагыла. Мындай миш-миш сөздү менин "досторум" чыгарган. 40 милиция келген, эгер бул жерде бир нерсе болгон болсо, мени алып кетишет эле да.

Кылмыш балким башка жерде болгон, бирок болгон...
Кан жолдун боюнда турган заңкайган учактын жанында шаркырап суу агып турат. Арткы тарабында саман кирпичтен салынган жапыс тамдардын терезелери боз кездеме менен туюк жабылуу, жылчыктан боз топурак короонун бир чети, жерде жаткан балдардын оюнчугу көрүндү.

Үйдөн чыккан келинди суу алып, алик албастан өтүп баратканда сөзгө тартсам, жарытылуу жооп берген жок. Жолдун аркы бетинде пахта терип жүргөн аял да бул айылда эч кандай зордукчулук болгон эмес деди.

Кылмыш балким учактын ичинде эмес, ага жакын бир жерде орун алган болушу мүмкүн. Бирок издесе, Каниет зордукчуларды да тааныйт болуш керек, кеминде алардын ысымдарын билет. Сөз кайрадан бул кыз менен сүйлөшкөн дарыгер Дастан Жолболдиевада:

- Мен "Кимдер эле?" десем, беш күн ошол самолетто жатып, эркектердин аттарын билип калыптыр. "Келип кетип атышты. "Тико" менен дагы үчөө келип зордукташты" дейт. Жалаң суу ичип, (ачка калган).

10 күн ооруканада жатып чыккан Каниеттин кыйналып, зордукталышы боюнча прокуратурада арыз болгон, бирок болжолу кийин Каниет арыздан баш тарткан.

Ал корктубу, же мажбурлаштыбы? Дегеним, прокуратура Каниет кордук көргөн эмес деп эсептейт. Январдын 12синде, бул окуядан жети айдан кийин Ош шаарынын прокурорунун орун басары Марат Бусурманкулов мага Каниет тартылган видеону көрө электигин билдирди.

Ал эми баш прокурордун Түштүк боюнча биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев ага чейин эле Каниет арызын кайтарып алганын, себеби берген көргөзмөлөрүндө чаташып калгандыгын айткан болчу:

Рыскул Бактыбаев: Ал жалган, жалган. Андай эмес. «Ошондой болду» деген кыздын көрсөтмөсү боюнча иш козголгон, бирок ал азыр айтканынан кайтып жатат. Ошол кезде ал кыз ооруканада жаткан, азыр анын психикалык абалы кандай экенин билбейм. Ошол кезде чын эле айтылган, ал сүрмө топ тарабынан токмоктолгон кыз болгон. Бирок «самолеттун ичинде андай болду, мындай болду» деп ал кыз улам эле ар нерсени айтып атат. Ал кезде учак дароо текшерилген. Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова (укук коргоочулар) мага чуркап келип айтышкан. Ошондо дароо опер-топ жиберилип, ал факты ырасталган эмес.

Жаңыл Жусупжан: Ал кыз эмне үчүн баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартты деп эсептейсиз?

Рыскул Бактыбаев: Аны айта албайм, бирок азыр ал кыз «мени эч ким урган эмес, мен көчөдө башкалар менен урушуп кеткем» деп жатат.

Ошону менен, врачтар кыйноонун кесепеттерине аныктамаларын беришкен, кыздын өзүнүн айтып бергени тартылып алынган видео турат, шектүү кылмышкерлердин атасынын аты болбосо да, өз аттары белгилүү, бирок кылмыш иши жок. Азыр Каниеттин кайда экени белгисиз. Дарыгер Жолболдиева анын психологиялык оор травма алгандыгын эске алганда, узак мезгилдүү реабилитация зарыл экендигин эскертет:

- Албетте травма алды. Өмүрүнүн аягына чейин өзүн кем сезет (комплекс неполноценности). Ал травманы айыктырыш өтө кыйын, ага көп убакыт керек. Ал үчүн кыз башка жакка кетип жашаса гана, аз-аздан жоголот.

Жолболдиева улуттар аралык жаңжалда бейкүнөө кыз-келиндердин кордолгонуна айрыкча өкүнөт:

- Баарыбыздын эле балдарыбыз бар. «Ушул кызда эмне айып?!» деп капа болосуң да. (Кооганы) уюштурган кишилер өз арасында чечишип алышсын, жаш балдарга эмнеге тийишет?! Жалдырап ыйлады. «Жалынбайсыңбы, тийбегиле деп суранбайсыңбы?» десем, «Сурандым, сиздин деле мендей карындашыңыз болсо керек» десем, «Силер да биздин кыздарга кылдыңар, биз да ошону кылып атабыз, один на один» дептир.

Июндагы жаңжалда укук коргоочулар ондогон кыз-келиндин кордук көргөнүн айтышат. "Кылым шамы" уюму 60тан ашык зордуктоону каттаган, бул тизмеде курмандыктардын көбү өзбектер. Кыргыз улутундагы зордук көргөн кыз-келиндердин да өзүнчө тизмеси бар. Ал эми прокуратуранын маалыматы боюнча, жаңжал мезгилдеги төрт зордуктоо боюнча гана кылмыш иши козголуп, анын бирөө гана сотко ашты.

Ортодогу айырма эмнеден? Кыйноо болгону анык болсо да, эмне үчүн прокуратура мисалы ошол эле Каниет боюнча кылмыш ишин жаап салды? Прокуратуранын күнөөнү кыздын өзүнө оодарууга ык алганы эмнеден? Каниет өлүп калды деген эки кыз кимдер? Аларды издеген киши барбы? Бул суроолорго бийликтен жооп болобу?

ЭСКЕРТҮҮ: Кийинки берүүлөрдө айбан да кылбаган кордук көрүп, өлүгү жарым жылда барып табылган келиндин тагыдырын билебиз. Нафиса Алимжанова "Кылым шамы" уюмунун июндагы курмандыктардын кара тизмесинде 35-номер менен берилген.

Сырдуу "учак" зордугу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00
XS
SM
MD
LG