Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Бүгүн Санжар Бакиевдин соту уланат


Бул туурасында “Азаттыкка” Санжар Бакиевдин коомдук жактоочусу Бүбүайша Арстанбекова билдирди. Мурдагы соттук кароодо жактоочулар Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду бул иш боюнча чакырууга соттон өтүнүшкөн болчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган.

2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой келет. Мындай өкүмгө макул болбогон Санжар Бакиевдин апелляциялык арызын Чүй облустук соту Бишкек шаарында карап жатат. Жалал-Абад облустук соту иш көптүгүнө байланыштуу бул арызды кароону Чүй облустук сотуна өткөрүп берген. (IJz)

XS
SM
MD
LG