Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Бүгүн Санпа окуясы боюнча сот уланат


Анда 14-январда сурак берүүгө жетишпей калган соттолуучулардын калгандары көрсөтмө беришет. Ал күнү он тогуз соттолуучулардын арасынан ондой адам көрсөтмө берген, айрымдары сотко ишеним көрсөтпөй, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Бүгүн соттолуучулардын бардыгы көрсөтмө берип бүтсө, андан кийинки күндөрү жабырлануучулар көрсөтмө бере баштайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Ырыспай Абдыраимов билдирди.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанында жоон топ эл чогулуп, жолдон өткөн унааларга ок атып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Он чакты унаа өрттөлгөн. Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту карап, айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн угузган.

Соттолуучулар жана алардын адвокаттары өкүм өтө эле катаал болуп калды деп, ал эми жабырлануучу тарап, тескерисинче, өкүм жеңил болгонун айтып, облустук сотко апелляциялык арыз жолдошкон. (IJz)

XS
SM
MD
LG