Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Абактагы аялдар: кылмышка түрткөн жакырчылык


Степное айылындагы аялдар абагындагылар тигүүчүлүк менен да алектенишет. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
Степное айылындагы аялдар абагындагылар тигүүчүлүк менен да алектенишет. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)

Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандар да бар.

Психологдор аялдардын кылмышка аралашуусу үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, социалдык жагдайга, жокчулукка байланыштуу дешет. Чын эле ошондойбу?

Самаганыбыз - эркиндик!

37 жаштагы Чынара турмуштагы кыйынчылыктардан улам түрмөгө түшүп калганын айтып берди. Өзүнүн айтымында, ал карыз акчасын төлөй албай, баңги зат алып, Кыргызстандан Орусияга бара жаткан жеринен кармалган. Учурда Бишкектен 8 чакырым алыстыкта жайгашкан Степное кыштагындагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жатат.
Степное айылындагы аялдар абагы

- Жолдошум каза болуп калган. Беш балам бар. Бул жерде ошо жетишпестиктин айынан эле балдарымдын курсагын тойгузам, кийимин бүтүн кылам деп эле ушундай ишке чалдыктым. Мага сотто 13 жыл берген. Эч нерсени эске алган эмес. Ошол кезде балдарым жалгыз эле калган. Биз бул жакта батирди ижарага алып жашачубуз.

Ал эми биздин кийинки маектеш Назгүлдүн түрмөгө кесилгенине 11 ай болуптур. Ал ушул эле абакта дагы эки жылдан ашуун убакыт отуруш керек. Назгүл көчөдө бирөөнүн шакегин чечип алганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган.

- Мен болбогон жерден эле отурам. Мен болгону тамашалап эле бирөөнүн шакегин чечип алып, кайра бергем. Ошого эле мага үч жыл берип койду. Эки балам бар, бирөө тогузда, бирөө үчтө. Алар менен көрүшө да элекмин, ал тургай телефон менен да сүйлөшпөйм да. Балдарым кайненемдин колунда. Күйөөм каза болуп калган. Менин түрмөдө отурганымды туугандарым билбейт, кайненем эле билет. Ачыгын айтканда эркиндик дегенде эки көзүм төрт.

Статистика: Кылмыш кылган аялдар азайды

Назгүлдүн айтымында, темир тор артында отургандардын 30% 25-40 жаштагы аялдар түзөт экен. “Он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек”, “оозунан энесинин сүтү кете элек” деп коюшат го кыргызда. Ошол сыңары бойго жете элек кыздар да бар дейт Назгүл биз менен маектешип жатып.

Статистикага кайрыла турган болсок, өткөн жылдарга салыштырмалуу кылмыш кылган жана абакта отурган аялдардын саны бир топ кыскарган. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2009-жылы кылмыш кылып соттолгон аялдардын саны 1759 болсо, 2010-жылдын 11 айында бул сан дээрлик 400 адамга кыскарган.

Мамлекеттик жаза өткөрүү кызматынын маалымат катчысы Эркин Конулкуловдун айтымында, учурда абакта 250дөй аял жазасын өтөөдө.

- Орто эсеп менен алганда тогуз миңден ашуун киши түрмөдө жатат. Алардан 250дөйү аялдар. Ар кандай беренелер менен отурушат. Алар адам өлтүрүү, уурулук, баңги зат менен кармалышкан. Турмушта кылмыштуулуктун кандай түрлөрү болсо аялдар деле ошондой эле кылмыштар менен отурушат.

Абактан чыккан апалар жардамга муктаж

Аялдардын саламаттыгы, укугу жана аларга ар кайсы тараптан жардам берип иштеген бейөкмөт уюм, кризистик борборлор аялдар арасындагы кылмыштуулуктун өсүшүн, деги эле аялдардын кылмышка аралашуусун социалдык жагдайга, жетишпеген жашоого байланыштырышат. Көпчүлүк укук коргоо уюмдарынын баамында, түрмөдөн чыккан адамга коомчулук терс мамиле жасап, аларды киши катарына кошпогондуктан, мурда соттолгондордун көбү айланып келип эле кайра түрмөгө түшөт.

Мусулман аялдардын “Мутакалим” коомдук бирикмеси сегиз жылдан ашуун убактан бери түрмөдөгү аялдарга сабак берет. Бирикменин төргайымы Жамал Фронтбек кызы түрмөдөн чыккан аялдарды окутуу, психологиялык жактан жардам берүү үчүн атайын борбор ачуу демилгесин көтөрүүдө. Анын айтымында, абактан кийин түрткүнчүк болуп калган энелер, эжелер, апалар өзгөчө жардамга муктаж:

- Аялдарга дагы кыйынырак болот экен. Эркек киши күтпөйт экен, бир-бир жарым жылдан киийн күйөөсү башка бирөөгө үйлөнүп алат экен. Ал эми туугандары "сен түрмөгө отургансың" деп үйүнө киргизбейт. Бизде стигма, дискриминация деген абдан күчтүү да. Балдары болсо апам кесилди дегенден уялышат, “апа, андан көрө сен биз менен катышпай эле кой, биз сени жок дейли”,-деген сөздөрдөн аялдар өтө көп депрессияга кабылып, кайра түрмөгө отургандар көп болуп атат. Бирок аялдардын арасында күйөөсү иштебесе, балдарын багыш керек, же төрт-беш бала менен ажырашып кеткен. Балдарын багам деп бардык нерсеге башын сайып түрмөгө отурган аялдар андан көп.

Соттолгондор арасында бир эмес бир нече жолу отургандар бар экенин түрмөдөгү Назгүл да белгиледи.

- Түрмөдө баңги зат менен кармалып отурган аялдар көп. Андан сырткары күйөөсүн өлтүргөндөр бар. Менин жанымда бир эже бар. Кечинде жумуштан келатса күйөөсү мас болуп арыкта жатыптыр. Башы жарылып калыптыр. Үйүнө алып келсе күйөөсү турбайт, ошол бойдон турбайт. Ошентип эле мөөнөт алып келген ал эже. Бул жакта бир эмес, үч-төрт жолу отурган аялдар да бар.

Аялдар өзгөрдүбү?

“Сезим” кризистик борборунун жекеткчиси Бүбүсара Рыскулова кылмышка аралашкан аялдар көбөйүүдө деп эсептейт. Мунун себебин Бүбүсара айым соңку кездерде аялдардын психологиясынын өзгөргөнүнөн көрөт.

- Деги эле психологиялык акыбал биздин коомдо күндөн күнгө кыйынырак болуп баратат. Элдер өзүн-өзү кармабайт. Анан аялдардын да психологиясы да өзгөрдү. Өзүңөр деле көрүп атасыңар. Буларды кээ бирде эмоциясына пайдаланып колдонуп атат. “Обон” деп коёбуз ошолордун эле арасында кадимкидей кылмышкерлер бар. Алдамчылык, батир маселесинде, акчасын алдап, бири-бирин алдап дегендей. Мунун түбү, тамыры дагы өзүнүн ички дүйнөсү, кандай акыбалда болуп атат. Ошого да байланыштуу. Базарга барып калганда кээде эркектер “аялдар өзгөрүп кетти, ачуулуу болуп кетишти, далактап эле көчөгө чыгып кетишти”, - дешет. Анан кечке чейин ызы-чуунун арасында жүргөн, базарда отурган кыз-келиндер ошону үйгө алып келишет.

Эмнеси болсо да кылмыш кылган адамдар өз жазасын алышы керектиги белгиленет. Ошентсе да эң башкасы мээримдүү эне, жагымдуу жар, көңүлү назик, үйдүн куту болгон аялзатынын орду түрмө эмес, үй эмеспи...

XS
SM
MD
LG