Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Санпа окуясы боюнча сотто айыпталуучулар суралды


Бүгүн Жалал-Абад облустук көчмө соту Ноокен районунда Санпа окуясы боюнча апелляциялык арыздарды кароону улантты. Анда айыпталып жаткандардын калгандары жана жабырлануучулар суралды. Өткөн жолку сот процессте соттолуп жаткан 19 адамдын 10у көрсөтмө берген эле. Эмки соттук териштирүү эртең саат 9да уланат.

12-13-июнь күндөрү Бишкек-Ош жолунун боюндагы Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанында миңге жакын эл чогулуп, жолдон өткөн жолоочуларга кол салышкан. Натыйжада 16 киши өлүп, экөө дайынсыз жоголгон. Он чакты унаа өрттөлгөн болчу.

Санпа окуясы боюнча ишти Сузак райондук соту карап, айыпталган 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки адамдын ар бирин 25 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм чыгарган.

Соттолуучулар жана алардын адвокаттары өкүм өтө эле катаал болуп калды деп, ал эми жабырлануучу тарап, тескерисинче, өкүм жеңил болгонун айтып, облустук сотко апелляциялык арыз жолдошкон. (EBM)

XS
SM
MD
LG