Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Гаитинин мурдагы диктатору сүргүндөн кайтты


Гаитинин мурдагы диктатору Жан Колд Дювалье сүргүндөн мекенинен кайтып барды. Ал 1986-жылы элдик көтөрүлүштүн натыйжасында АКШнын кысымы менен өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон. Ошондон бери Парижде жашап келди. Дювалье жана шериктери коррупция, саясий репрессиялар жана адам укуктарын бузуу үчүн айыпталган. Экс-диктатор Гаитини калыбына келтирүү ишине салым кошуу үчүн келгенини айтууда. Кариб аймагындагы эң жакыр өлкө былтыр катуу зилзаладан жабыркаган. Анын үстүнө ноябрда болгон президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин саясий туруксуздук өкүм сүрүп келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG