Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

АКШ менен Кыргызстан чек араны бекемдөө боюнча кызматташат


Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Сьюзен Эллиот менен жолукту. Анда А. Атамбаев аймактагы татаал кырдаалды эске алып, Кыргызстан коопсуздук жаатта АКШ менен кызматташууга кызыкдар экени айтты. Маңзаттарды ташууга, террористтик уюмдардын жана диний радикалдык агымдардын мүчөлөрүнүн жолун буу максатында өлкөнүн чек ара бекеттерин бекемдөөгө жардам берүү демилгесин көтөрдү. Өз кезегинде С. Эллиотт мындай демилгени колдоп, марттын башында, же апрель айынын этегинде эки тараптуу кеңешүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызмат кабарлады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG