Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Эстония Беларус оппозициясына жардам берет


Эстония өкмөтү Беларустагы оппозициялык партиялардын сайттарын коргоого жардам берет. Эстон тышкы иштер министри Урмас Паеттин айтымында, беларустардын Эстонияга барышын жеңилдетүү жолдору да каралмакчы. Былтыр жыл этегинде өткөн президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенка оппозициялык саясатчыларды жана эркин медианы куугунтуткоону күчөттү. Пает оппозициялык сайттарды иштеткен адистер үчүн тренингдер уюштурулаарын маалымдады. Саясий себептерден улам мекенинде окуй албаган студенттерге Эстониянын университеттеринде окуу үчүн стипендия берүү пландалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG