Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Лужков Латвиядан туруктуу жашоо уруксатын сурады


Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужков Латвияда туруктуу жашоо уруксатын алуу арызы менен кайрылды. Миграция кызматынын башчысы маалымдаганына караганда, чечим эң кеч дегенде апрел айында кабыл алынмакчы. Лужков президент Дмитрий Медведевдин “ишениминен кетти” деген жүйөө менен былтыр сентябр айында кызматынан алынган. Латвиянын мыйзамдарына ылайык, Еврошаркетке кирбеген мамлекеттердин жарандары туруктуу жашоо уруксатын алуу үчүн ири өлчөмдөгү инвестиция салышы керек. Айрым маалыматтарга караганда, Лужков буга чейин эле Латвияда кыймылсыз мүлк сатып алган. Латвия Европа Биримдигине жана Шенген аймагына кирет.

XS
SM
MD
LG