Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Тунисте кыргызстандыктар жок


Тышкы иштер министрлиги Тунис мамлекетинде ички саясий толкундоолор токтобой атканына байланыштуу дипломатиялык каналдар аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары аталган өлкөдө бар-жогун териштирди. Маалыматка ылайык, жакында эле элдик толкундоолордон кийин президенти өлкөдөн чыга качкан Тунис мамлекетинде кыргызстандыктар жок болуп чыкты. Ошентсе да министрлик аталган өлкөдө кырдаал тынчыгыча кыргызстандыктарды Туниске барбай турууга кеңеш берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG