Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Тунисте өкмөт түзүлүп, сөз эркиндиги жарыяланды


20 жылдан ашык бийликте турган мамлекет башчысы качып кеткен Тунистин өткөөл жетекчилери жаңы улуттук биримдик өкмөтүн түзүштү. Өкмөт башчысы Мохаммад Ганнуши менен катар, эски өкмөттүн бир нече маанилүү тармактарды тейлеген министрлери кызматында калышты. Оппозициядан үч киши өкмөткө кирди. Ганушинин айтымында, бардык саясий партияларга жана маалымат каражаттарына эркиндик берилип, саясий айыпкерлер камактан бошотулат. Мунун алдында полиция качып кеткен президент Бен Алинин партиясын бийликтен биротоло четтеттүүнү талап кылган демоснтрантттарды кууп таркаткан. Бийликтегеилердин маалыматына ылайык, Бен Алинин кулашы менен жыйынтыкталган бир айдан берки толкундоолордо 78 кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG