Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Киевде демонстрант «репрессияны» токтотууну талап кылды


"Азаттыктын" украин кызматы кабарлагандай, салыктарды көбөйтүүгө каршы реформа кыймылынын координатору Олександр Данилюк Киевдин бийликтери кыймылга «шаардын мүлкүн атайлап талкалаган» деген айып коюп жаткандыгын билдирди. Бул кыймылдын мүчөлөрү ноябр-декабр айларында эки жумага чукул Киевдин борбордук аянтында чатыр тигип, нааразылык акция өткөрүшкөн эле. Чатырлар 3-декарбда күч менен алынган. 150 чакты киши катышкан демонстрацияда Данилюк өткөн аптада камалган улутчул "Тризуб" уюмунун бир нече мүчөсү камакта кала берип жаткандыгына нааразылык билдирип, өлкөдө чакан жана орто ишканалардын ишин туш келди текшерүүлөрдү да дароо токтотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG