Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Назарбаевдин бийлигин узартуу сунушу текшерилет


Президент Назарбаев өлкөнүн Конституциялык кеңешине кайрылып, өз бийлигин 2020-жылга чейин узартуу боюнча референдум өткөрүү сунушунун канчалык мыйзамдуу экендигин карап берүүнү өтүндү. Назарбаевдин шайлоосуз мамлекет башында кала беришин сунуштаган референдумду өткөн аптада парламент бир добуштан колдогон. 70 жаштагы Назарбаев Казакстанды 20 жылдан ашык мезгилден бери башкарып келет. Конституциялык кеңеш жалаң президент жана парламент бекиткен адамдардан турат жана аны Назарбаев өзү башкарат.

XS
SM
MD
LG